КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү мекенине кете албай жаткан Москвадагы мекендештерге ысык тамак уюштурду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Москва шаарында мекенине кете албай жаткан мекендештерден кабар алып, аларга ысык тамак уюштурду.

Жалпы 120 кыргызстандык мекендештердин ар бирине бирден порс ысык тамак таратылды. Алар менен жолугушууда Сүйүнбек ажы мындай оор кырдаалды сабырдуулук, ынтымак жана биримдик жеңүүгө боло турганын билдирди.

Мекендештерге берилген ысык тамак КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жамааты тарабынан каржыланды.