Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун Рамазан айына карата куттуктоосу

Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатуху,

Урматтуу Мусулман бир туугандар, мекендештер, жалпыңыздарды кирип келген Ыйык Рамазан айыңыздар  менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Аллах Таала ар бир кылган ишиңиздерге берекесин берип, ийгилик жана жардамын насип кылсын. Рамазан айы – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.
Рамазан айы – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген улуу айлардын бири.

Пайгамбарыбыз Мухаммад  Алейхис- Саламдын: «Ким Рамазан айында (акыретке) ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» деген сөзүнө ылайык, баардык мусулман биртуугандардын күнөөлөрү кечирилип, бейишке Ар-Райян эшигинен кирүүнү баардыгыбызга насип эткен болсун.

Аллах Таала эмнени орозодо убада кылган болсо, баардыгыбызга насип кылсын.

Дагы бир жолу кирип келген Рамазан айыңыздар кут болсун!

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Ажы Сагындыков.