Ак-Талаанын баш имам хатиби райондогу бардык мечиттерди кыдырып, буйруктардын аткарылышын тааныштырып чыкты

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев райондогу бардык мечиттерди кыдырып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйруктарын тааныштырып чыкты. Бул тууралуу хатибияттан билдиришти.

Маалым болгондой, Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев район аймагындагы бардык мечиттерин кыдырып, имамдарына жолугуп, Муфтияттан келген буйруктарды жана орозо боюнча фатваларды ар бир имамдын колуна тапшырып келди.

Ошондой эле, учурдагы кырдаалга байланыштуу орозодо таравих намазын үйдө окулаарын айтып, буйрукка баш ийүүнүн зарылчылыгы туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.