«Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын 38 тургунуна жардам баштыкчасы таратылды

Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери көптөгөн демөөрчү жигиттердин жардамы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам тынымсыз уюштурулуп жатат.

Анын арасында Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов баш болуп калаанын тургундарына азык-түлүк баштыкчалары таратылууда. Бул жолу «Манас-Ата» аймактык башкармалыгындагы жардамга муктаж болгон 38 тургунуна жардам баштыкчасы жеткирилип берилди.

Жардам баштыкчасында: Ун, май, макарон, чай, кум шекер ж.б. тамак-аш азыгы бар.