Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев облус казылары менен онлайн жыйын өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев облус казылары менен онлайн жыйын өткөрдү. Жыйында Орозо айт майрамы боюнча калк арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү облус казыларына тапшырды.

Муну менен катар Азирети Муфтий өлкөбүздүн аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин ден соолугуна кам көрүүдө КР Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн эрежелерди так сактоо керектигин айтып, жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн облус казыларына ЖМКлар аркылуу 2020-жылдын 24-майындагы  Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын туура жеткирүү, садака-фитирди максаттуу таратуу боюнча тапшырма берди.