Кечээ, 21-майда Талас облусуна караштуу Манас райондук хатибиятына Бишкек шаарынан Ибрайимов Израйил аркылуу “Садака жарыя” максатында эр азамат жигиттердин демөөрчүлүгү менен 100 жардам баштыгы колу жука үй-бүлөлөргө таратылып берилди.
Бул сапар көбүрөөк мүмкүнчүлүк чектелгендерге жана кары картандарга басым жасалды.
Анда Арал, Чеч-Дөбө, Кара-Арча, Сөгөт, Жайылган, Покровка, Май, жана Үч Коргон айылдарына имамдар аркылуу таратылып берилди. Ар бир баштык 1200 сом камтып, жалпы 120 000 сом түзүп 100 муктаж үй –бүлөлөргө таркатылды.