Нарында Муфтияттын жана кайрымдуу инсандардын колдоосунда курмандык чалынып, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 10- июлда Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана ыймандуу, кайрымдуу инсандардын, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен элибиздин амандыгын, мамлекеттин тынчтыгын, ооруп жаткан мекендештерибиздин сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалынып түлөө өткөрүлдү.

Түлөө Нарын шаарындагы Борбордук Азирети Али мечитинде өткөрүлүп, учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 ылаңынын күч алышынан улам каза болгон жарандардын арбагына багышталып Куран окулду.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемиядан улам жана Кыргызстандын аймагында күч алып жаткан оорудан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөдө Нарын облустук мусулмандар казыятынын жалпы жамааты, имамдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

Түлөөдө бир бодо мал союлуп, анын эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө, тагыраагы 83 баштык эт таратылып берилди.