Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев: Чубак ажы Жалилов жана Садридин ажы Маджитов устаздарыбыздан айрылуу жалпыбыз үчүн оор кайгы

Бүгүнкү оор кырдаалдагы күндөрдө заманабыздын чыгаан уулдары, Кыргыз элибиздин сыймыгы, Орто Азия жана КМШ өлкөлөрүндө, ошондой эле жалпы эле мусулман өлкөлөрүнө таанымал аалымдарыбыздын бири Чубак ажы Жалилов жана Садридин ажы Маджитов устаздарыбыздан айрылуу жалпыбыз үчүн оор түйшүк болду. Аалымдын өлүмү ааламга таасири бар. Аалымдар өтсө, чынында да чоң жоготуу.

Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде: «Аалымдын жөнөкөй пендеден артыкчылыгы, толгон айдын башка жылдыздар алдындагы артыкчылыгы сыяктуу»-деген. Караңгы түндө толгон ай чырак сыяктуу айланага кандай жарык берсе, аалымдар да жалпы адамзатка Куран жана сүннөттөн алган илими менен ак, караны, адал, арамды жана күнөө, соопту түшүндүрүп, илим нурун жайылтышат. Аалымдарды Аллах Таала өзүнүн динине кызмат кылуусу үчүн кээ бир пенделеринин арасынан тандап аларга илим эшигин ачып, алардын даражасын эки дүйнөдө жогору көтөрүп коет. Аллах Таала Куранда мындай дейт: «Алла силерди араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт.» (Мужадала:11)

Талас облусунун мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы, казыятынын жамааты, Талас облусунун баш имам хатибдери жана имам хатибдеринин атынан Ылайым Жараткан Аллах Таала аалымдарыбыздан ыраазы болуп, жаткан жайларын бейиш бакчаларынан бир бакча кылсын.

Артында калган үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайрат кылууга чакырабыз. Аллах Таала мындан ары көптөгөн жакшылыктарын насип кылсын. Амиин.