Руслан ажы Жумагулов: Аалым ажалы – аалам ажалы

Чындыгында, көздөн жаш агат, жүрөк кайгы-капага бөлөнөт. Албетте, сени менен кош айышканга капаланып турабыз. Бирок, биз Роббибиз ыраазы болгон сөздү гана айтабыз: Акыйкатта, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтып барабыз.

Дүйнөдөн Азирети Али, Азирети Умар өткөн, Пайгамбарлар да өткөн. Убакыт, саатыбыз келсе биз да кетебиз. Бирок, мамлекетибиз өтө оор, орду толгус жоготууга учурап турат. Чубак ажы Жалилов бүтүндөй Орто Азия элинин жүрөгүнөн орун алган, деңиздей илими бар, жогорку кулк-мүнөздүн ээси болчу. Тагдырга баш ийип, Чүй облусунун мусулмандар казыятынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркум Чубак ажынын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы кыргыз элине кайгыруу менен көңүл айтам.

«Чубак ажы Жалиловдун эмгегин айтып бүтө албайбыз. Ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жаткан салттуу Ислам дининин, Ханафий мазхабынын мамлекетибизде бекем түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсан эле. Эмне деп мактасак жа жараша берген, кыргыз элинин сыймыгы катары кала берет. Аалым ажалы – бул аалам ажалы дегендей, бүтүндөй дүйнө токтоп калгандай эле сезилет».

Жараткан Зат ажыкенин кылган эмгектерин эч бир кемчиликсиз кабыл кылсын. Ыйманы жолдош болуп, бейиштин төрүнө жайгаштырсын. Артында калган жакындарына сабыр берип, уул-кыздары өзүнөн да өткөн аалым-каары болуп, Ислам динине, кыргыз элине кызмат кылган чыгаандардан болушсун! Кайрыт кылыңыздар!

Терең кайгыруу менен көңүл айткан: Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов.