Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган болочок ажылар менен жолугушту

Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынан ажылык сапарга аттанган жарандарды узатуу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов менен шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты. Калаа башчысы ыйык  сапарга аттангандарга ак жол каалап, ыйык жерде мамлекеттин келечеги үчүн бата кылууну суранды.

Ажылык сапарга бараткандарга ак жол каалайм. Ажылыкка да Кудай каалаган адамдар барат. Ыйык жерде мамлекетибизге, элибизге бата кылыңыздар. Биз бактылуу элбиз. Өзүбүздүн мамлекетибиз, динибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бар. Ажылык сапардан кайтканда да жолугушууну насип кылсын,-деди шаар башчысы.

Эскерте кетсек, Ош шаарынан быйылкы жылы 332 адам ажылык сапарга аттанды.