Кара – Буура районуна баш имам хатиб дайындалды

Кечээ, 22 — июлда Талас облустук мусулмандар казыятында казыят мүчөлөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү.

Жыйында Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы учурдагы кырдаалда талкууга алып, анда Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек аксакалдын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу, анын кызмат ордуна Ислам ажы Куматаев баш имам хатибдин милдетин аткарууга жана бир нече буйруктарды  тапшырды.

Ошондой эле Бакай —  Ата районунун баш имам хатиби Жороев Үсөн сыркоолоп калганына байланыштуу анын орун басары Джусупбеков Марат жыйынга катышып, тийешелүү болгон өзүнө мидеттемелерди алды.

Ислам ажы Куматаев