Ош шаарынын казыяты обсервацияга 200 миң сомдук жардам көрсөттү

Кечээ, 28-июлда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баштаган дин кызматкерлери менен биргеликте калаадагы ооруканада атайын обсервация катар иштеп баштаган жайга келип, 200 миң сомдук медициналык каражаттарды жана күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдарды алып келип, тапшырышты.

Бул жардам Ош шаардык казыяты жана «Молдо Шакир» мечитинин имам хатиби Рыскелди уулу Кыял ажынын демилгесинин негизинде «Кудайберген» унаа тетиктер базарынын сатуучуларынын көмөгү менен ишке ашырылган.

Мындан тышкары 2 обсервациянын имаратын айнектерин салып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жардам берди.

«Биз бир муштумдай биригип, ынтымак биримдик менен кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз. Буйурса дарыгерлер үчүн керектүү жабдыктарды дагы башка обсервацияларга жеткирип беребиз. Колдоо көрсөткөндөрдөн Аллах ыраазы болсун» — деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Айта кетсек, башка обсервацияларга да жардам көрсөтүү үчүн коргонуучу кийим жана бет каптар даярдалууда.