Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштаймын. Анын сүйүктүү Пайгамбары, Азирети Мухаммдга салам жана салаваттарды айтамын.

Ассаламу алейкум урматтуу кыргызстандыктар жана мусулман бир туугандар. Жалпыңыздарды мусулмандардын эң ыйык майрамы саналган Курман айт майрамы менен Аалымдар Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан чын ыкластан куттуктаймын! Баарыбызга белгилүү болгондой жыл башынан бери дүйнө жүзү пандемия менен күрөшүп келе жатат. Пандемиядан жана өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдан улам жума намаздарыбызды жана айт намаздарыбызды окуй албай, ажылык ибадатты да аткара албай калдык. Бул абал ыйман-ыкласыбызды жана жан дүйнөбүздү канчалык сыздатып турса да, эртеңки бейпил күндөрдөн үмүт үзбөй, аманчылыкка шүгүр жана сабыр кылуу менен майрамыбызды үйлөрүбүздө тосууга аргасыз болуп турабыз.

Курман айтта курмандык чалуу – пендесин Алла Таалага жакындаткан ыйык ибадат. Алла Таалага жакындоонун шарапаты менен биздин боорукерлик, мээримдүүлүк жана берешендик сезимдерибиз дагы да ырайына чыгып, чыныгы маанисин табууда. Ошондой эле чөйрөбүздөгү муктаж бир туугандарыбызга карата мусулмандык жоопкерчилигибизди эске салып, сыротал мустакиймдин – туура жолдун туруктуу жолоочусу болуп өмүр кечирүүгө өбөлгө түзүүдө. Анткени пайгамбарлардын сүннөтү эсептелген курмандык чалуу мусулман пендени Алла Тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жеткире турган жакшы амал-ибадаттарга шыктандырат. Курман айт жана курмандык чалуу ыймандуулуктун, такыбаалыктын, сүйүүнүн, оопалуулуктун, моюн сунуунун, камкордуктун символу болуп саналат.

Касиеттүү Курман айтыбызды Кудай Таалам куттуу кылып, мекенибизге тынчылык жана аманчылык берсин. Улуу айттын урматына Жараткан Алла Таалам мусулмандардын чалган курмандыгын жана жакшылыктарын өз даргөйүндө кабыл кылсын! Бүгүнкү күндө ооруп жаткан мекендештерибизге шыпаа берсин. Ушул күндөрдө кыйналып жаткан кулдарына жакшылыктардын, берекенин жана ырыскынын кең каалгасын ачып берсин. Таажы ылаңын жана балээлерди Кудай Таалам өзү токтотсун!

Мамлекетибизди, мусулман дүйнөсүн жана бүтүндөй адамзатты мындан да жаман күндөрдөн, мындан да оор апааттардан Кудайым өзү сактасын. Күнөстүү өлкөбүзгө, элибизге өз мээримин төксүн. Калктын саламаттыгына кам көрүп, өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жаткан ак халатчандардын колун жеңил кылсын, иштерин жеңилдетсин! Балээлерге, кыйынчылыктарга туруштук бергидей сабыр, кайрат, күч берсин, аң сезимибизди, дилибизди тазартсын! Журт башчыларыбызга бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ыйман, ынсап жана кыраакылык берсин. Бул дүйнөдөгү бизге берер сыноолорун жеңилдетсин! Акыретте жана сурак күнүндө шерменде болуудан, жакырга айлануудан жана азапка кириптер болуудан жалпыбызды Алла Таалам өзү сактасын.

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев