Куба мечити Пайгамбарыбыздын (САВ) Медина шаарындагы мечитинен 10 километр Меккеге жакын жайгашкан. Куба мечитинин алгачкы курулушуна Пайгамбарыбыз (САВ) өзү иштеп, бул тарыхта эң биринчи мечит болуп калган. Пайгамбарыбыз (САВ): «Кимде-ким Меданга келип, дааратын алып Куба мечитине келип 2 рекет намаз окуса умра кылгандын сообун алат» деп айткан. Мына ошондуктан ар бир ажылык сапарына барган инсандар сөзсүз түрдө Пайгамбарыбыздын (САВ) Кубадагы мечитин зыярат кылышып, 2 рекет намазын окушат.