Базар-Коргондун Катраңкы айылындагы эски мечит толугу менен жаңыланды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу  Катраңкы айылында эски  мечиттин ордуна жаны мечит курулду.  Мечит Сауд Арабиялык ишкер доктор Саъид тарабынан каржыланып, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан каттоодон өткөн.

Мечиттин заманбап жаңыланышы менен Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтык ажы Шаиков жеринде таанышып чыгып, мечит ыйман менен адеп-ахлактын очогу болушу керек экендигин билдирип, мечит элди ынымакка, биримдикке жана достуукка чакыруу менен терс диний агымдар боюнча дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турушу керек экендигин билдирди.