Ала-Бука районунун баш имам хатиби эски көрүстөн-мазарларды сыйынуучу жай катары кабыл албоого чакырды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы  Эмил Ырыскулович аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында районго караштуу алыскы 1-май айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айыл тургундары менен жеринде жолугушту. Эл менен болгон жолугушуунун алкагында 1-май айыл аймагындагы тарыхый жерлерди, эски көрүстөндү  калыбына келтирүү,  айлана-чөйрнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, таза кармоо сыяктуу бир топ маселелер каралып, бул жаатта эл тарабынан колдоо керек экендиги айтылды. Ал эми райхатиб тарыхый жерлерди, эски көрүстөн-мазарларды сыйынуучу жай катары кабыл албоого чакырып, ширк тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү берди. Мындан тышкары колдон келишинче тарыхый жерлердин, мазарлардын айланасын таза кармап, дарактарды отургузуп, кароосуз калган жерди бакчага айлантып, айылды кооздогонго салым кошуу менен аймактарды ар тараптуу өнүктүрүүдө бирге иштөөгө чакырды.