Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук мечит кеңейтилүүдө

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук  мечитти оңдоп-түзөө иштери башталды. Баш имам хатиб Каныбек ажы Кожогуловдун айтымында мечиттин сыйымдуулугу абдан тар болуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу кайрадан оңдоп, кеңейтүүгө туура келген. Учурда мечитти кайра куруу ишине 700 миң сом өлчөмүндө акча каражаты сарпталган. Аталган сумма айыл жаштары жана жергиликтүү эл  тарабынан чогултулуп, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.