Манас районунда жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас облусуна караштуу Манас районунда Бишкек шаарындагы демилгелүү жаштар тобунун демөөрчүлүгү менен  кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Анда 100 даана азык-түлүк баштыкчасы он айылга (Сөкөт, Кара – Арча, Арал, Пакровка эки тарап, Көк – Дөбө, Май, Кеңеш, Кызыл — Жылдыз) таратылып берилди.

Кайрымдуулук ишине демөөрчүлүк кылгандарга хатибият тарабынан айыл тургундарынан алкыштар айтылып, алардын үй – бүлөлөрүнө ынтымак, ырашкерлик, иштерине ийгиликтерди каалашып, ак батасын беришти.

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев мындай соопчулук иш-чарасы ушуну менен жетинчи жолу өткөрүлүүдө.

«Элибиз кыйын күндө турганда жардамын аябаган жарандарыбызга Жаратканым жакшылыгын ыроолосун! Ылайым элибизде тынчтык орноп, бепийчилик өкүм сүрсүн. Бул иш-чара ушуну менен жетинчи өткөрүлүп жатат»,-деди Миржалал ажы Дадабаев

Ар бир баштыкча 1500 сомдон даярдалып, 5 кг макарон, 5 литир май, 10 кг ун, 3  кг кум шекер, 3 кг күрүч салынган. Жалпы суммасы жүз элүү миң сомду түздү.