Таласта баш имам хатибтердин тажрыйба алмашуу боюнча чакан кеңешмеси өттү

Манас райондук хатибиятында  эки райондун  баш имам хатибдеринин  тажрыйба алмашуу боюнча  чакан кеңешмеси өттү. Кара — Буура районун мурдагы баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө  байланыштуу  Кара — Буура районуна жаңы дайындалган баш имам хатиб Ислам ажы Кулматаев жана  анын орун басары  Сүйүналы ажы Чокоев  Манас райондук хатибиятына келип,  иш кагаздарын жүргүзүү, мечиттердин документтери жана жергиликтүү бийлик менен кызматташуу жаатында тажрыйба алмашышты.   

Миржалал ажы Дадабаев  жаңы дайындалган  Кара — Буура районун баш имам хатибине  ийгилик каалап, иш кагаздарды туура жөнгө салуу, мечиттердин каттоодогу тиешелүү  документтери жана  пландын негизинде  иш алып барууну   түшүндүрүп берди.