Ош шаарында жума намазы талаптарды так сактоо менен өттү

4-августь күнү Ош шаарындагы 41 мечитте жума келгендер санитардык эрежелерди сактоо менен намаз окушту. Ар бир мечитте дин кызматкерлери ыктыярчы топ менен бирге иш алып баруу менен жамааттын коопсуздугун карап жатышты.

Азыркы учурга чейин Ош шаары боюнча эреже бузуулар катталган жок. 

«Шаардагы жалпы имамдар тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүүдө. Анткени мусулман адам башкаларга үлгү болуусу керек. Мечит таза жер болуп саналгандыктан, санитардык эрежелерди сактоо кыйынчылык жаратпайт»,- деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.