Сузактагы имамдарга мечиттердин каттоосун тездетүү боюнча облустук казыят тапшырма берди

Сузак районундагы “Соолихийн” борбордук мечитинде кезексиз имамдардын жыйыны өтүп, ага облустук казыяттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков, казыяттын чарба-курулуш жана мечит адиси Бектеналы Боронбаев, Сузак райондук хатибияттын кызматкери Деванаев Нематжан жана Сузак районуна караштуу мамлекеттик эсептик каттоодон өтпөй ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мечиттердин имамдары катышты. Кезексиз жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик эсептик каттоодон өтпөй ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мечиттердин ишмердүүоүгү  түшүндүрүлүп, каттоодон өткөрүү үчүн керектүү иш кагаздары жазылган баракча таратылды. Мындан тышкары баракчада жазылган ар бир пункттар боюнча кеңири түшүндүрүлүп, имамдардын сроолоруна жооп берилди. Жыйындын соңунда Сузак району боюнча жалпы 20 мечит каттоодон өтө электиги белгиленип, дээрлик 10го жакын мечиттин иш кагаздары 90 пайызга, ал эми 8 мечиттин 50 пайызга иш кагаздары бүткөрүлүп калгандыгы, 2 мечит таптакыр талапка жооп бербей жараксыз абалда экендиги белгиленип, каттодон өткөрүүнү ыкчамдатуу имамдарга милдеттендирилди.  Ал эми талапка жооп бербеген мечит боюнча атайын комиссия түзүлүп, акт жазуу жагы тапшырма катары берилди.