Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланды

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Алай районунун Корул айылдык аймагында Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров эки жылда бир берилүүчү «Ардактуу атуул»  наамы менен сыйланды.

Иш-чарага Айылдык кеңешинин төрагасы, айыл өкмөттүн эмгек жамааты жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

«Акжол демөөрчүлөр менен биргеликте Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев менен биргеликте Корул айылдык аймагына караштуу үч айылды таза суу менен камсыздап беришти. Ошол эле Корул айылдык аймагынын борбордук мечитине заманбап даараткана курулду. Анын ичи ысык жана муздак суу менен камсыздалып, бардык шарты бар. Биз эки жылда бир берилүүчү «Ардактуу атуул» наамын айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен бир добуштан колдоп бердик«,-деди айылдык кеңештин төрагасы Токтосун Маназаров.