КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов аймактагы казыяттардын маалымат катчыларына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 29-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовдун катышуусунда Муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыяттын маалымат катчыларына онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында Равшан ажы Эратов аймактагы казыяттардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алып, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Аны менен катар нике каттоо журналы менен иш алып барган дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн чагылдыруу, медиа сабаттуулук боюнча окуу тренингдерди өткөрүү жана казылдардын, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүүдө катчылар арасында тажрыйба алмашуу боюнча тийишттүү тапшырмаларды берди.

Соңунда ар бир казыяттын кызматкерлери берилген тапшырмалардын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мындай онлайн жыйын жума сайын уюштурулуп турмакчы.