Мекке шаарындагы ажыларды Мейманканадан ыйык Харам мечитине жана ыйык Харам мечитинен мейманканага автобустар ташый баштады

Быйыл Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажыларды  мейманканадан ыйык Харам мечитине жеткирүү боюнча атайын автобустар каттай баштады. Учурда Кыргызстандык ажылар үчүн 6 автобус  24 саат кызмат кылып , түнү менен ыйык Харам мечитине барам дегендер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Автобустар күндүзү  ар бир жарым саатта бирден  жана кечкисин аралыктары 10 мүнөттөн катташып, Кыргызстандык ажылар жайгашкан ар бир мейманканадан ажыларды топтоп кетишет. Бул өз кезинде мекендештерибиздин адашып кетүүсүнүн алдын алып, ыйык Харам мечитинен Мейманканага жана мейманканадан ыйык Харам мечитине түз каттап жаткан учуру.

Быйылкы жылы ижарага алынган  6 автобус Кыргызстандык ажыларды толугу менен тейлеп жатышат. Автобустар заманбап жана бардык шарттары бар. Бул быйылкы жылдагы дагы бир өзгөчөлүк жана ажыларыбызга түзүлгөн шарт,-деди жеринде КМДБнын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Белек Нурланов.