БТКнын төрагасы Жунус ажы Саранов Ош облустук мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 8-октябрь күнү Борбордук Текшерүү Комитетинин төрагасы Жунус ажы Саранов Ош облустук мусулмандар казыятына иш сапары менен барды.

Анда казыяттын ишмердүүлүгү, бир жылдык иш планы, бухгалтериялык эсептөөлөрдүн ачык айкындуулуктары жана 1С программасын колдоно билүү иштери менен таанышты.

«Былтыр Аалымдар Кеңешинин колдоосу менен казыяттын эсеп-кысап ишинде 1С программасы БТКнын бюджеттик эсебинен каржыланып, бардык казыяттарда ишке кирген. Программанын артыкчылыктары көп. Мында киргизилген ар кандай эсептөөлөрдү өзгөртө алышпайт. Учурда Ош облустук мусулмандар казыяты бул программаны кынтыксыз ишке ашырууда. Бардык аймактарда ушундай таризде иш алып баруу кажет», — деди Жунус ажы Саранов.