Жалал-Абад шаарындагы жана Сузактагы имамдарга өрттүн чыгуусунун алдын алуу боюнча чукул жыйын өттү

Сузак районуна караштуу “Солихийн” борбордук  жума мечитинде өрт коопсуздугун алдын алуу иш аракеттерин уюштуруу максатында имамдардын кезексиз жыйыны болуп өттү.  Кезексиз жыйынга Жалал-Абад облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармасынын башчысынын орун басары Замир Абдыкадырович, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Маданбекович, Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына караштуу жалпы мечиттин имамдары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө казыят жана ӨКМ кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мечиттерде өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча атайын шаймандарды уюштуруу, өрт өчүрүүчү транспорттук унаалардын тоскоолдуксуз кирүүгө шарттарды түзүү, сигнал берүүчү жабдыктарды орнотуу боюнча маселелер айтылып, имамдарга мечиттерде токтун монтаждарын кароо жана текшерүү, атайы өрт боюнча маалымат тактайчаларды уюштуруу, өрт өчүрүүчү шаймандар турган щитти ак түскө сырдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Эске салсак,  19-июлда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өрт коопсуздугун алдын алуу иш аракеттерин уюштуруу боюнча № 337 буйругу чыккан болчу.