Майлуу-Суу шаардык хатибияты Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин зыярат кылышты

“Карысы бардын – ырысы бар” аттуу ураан алкагында Майлуу-Суу шаардык хатибияты Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, шаардын ардактуу аксакалдары болгон Кадыркулов Болуш жана Абдуллаев Ташполот аталарды   зыярат кылышып, алардын жашоо, турмушунан кабар алышты. Зыярат учурунда аталар согуштун эң жаман экендигин айтып, мамлекетибизге тынчтык каалап, батасын беришип, каарду жылдардан эскерип отурушту. Болуш Кадыркулов 93 жашта. Учурда ал  5 уул, 4 кыздын, 27 небере жана 47 чеберенин чоң атасы. Аталар айткан маалымат  боюнча согуш жылдарында 3 ай бою жөө жүрүп, Австрия, Венгрия жана Польша мамлекеттерин бошотууга катышкан. Ал эми Абдуллаев Ташполот ата Смоленск, Украина,  Беларуссия  жана Польшадагы согуштарда эрдик көрсөткөн.

“Бул иш чара аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында түзүлгөн иш мерчемге ылайык уюштурулду. Максатыбыз карыларды кубантуу, алардын батасын алуу, улууларды сыйлоо жана бизден кийинки муундарга үлгү болуу”,-деди шаархатиб Абсатар ажы Эркинбеков.