Жалал-Абад шаарында аялзаты үчүн “Лидерлик сапаттарды арттыруу” темасынын алкагында тренинг башталды

Жалал-Абад шаарындагы “Мөл-мөл” мейманканасынын  жыйындар ү залында аялзаты үчүн “Лидерлик сапаттарды арттыруу”  теманын алкагында 4 күндүк тренинг башталды.  65тен ашуун кыз-келиндер катышып жаткан тренингдин максаты элет жериндеги аялзатынын потенциалын, билимин, лидерлик сапаттарын арттыруу болуп саналат.

Тренинг  ДИМК, Муфтият жана “Мутакалим” коому тарабынан уюштурулуп, анын алкагында экстремизм, терроризмдин жана  радикалдык көз караштын алдын алуу, толеранттуулук, демократиялык мамлекеттеги аялдардын укугу менен эркинидиги, лидерлик сапат, мыйзамдар тууралуу баяндамалар жасалууда.