“Эки динар төлөп, эки дүйнөлүк бакыт тап” аттуу долбоордун негизинде араб жаштары Кыргызстанга төрт мектеп курушат

Бүгүн, 16августта Кувейт мамлекетинин жаштарынын уюштуруусу менен келген жоон топ Чүй жана Нарын облусундагы төрт айылга курулуп жаткан жаңы мектептин пайдубалына капсула салышты. Салтанатка КР ЖК депутаты  Өмүркулов Иса Шейшенкулович, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кувейт мамлекетинин Кыргызстандагы жана Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Тарик аль Фараж, облустук жана райондук бийликтин өкүлдөрү катышышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында Ысык-Ата районундагы Тогуз-Булак айылынын жана Чүй районундагы Жаңы-Жол айылынын, Кочкор районундагы Арсы жана Мантыш айылдарындагы окуучулар буга чейин коңшу айылдагы мектепке каттап окушкан же авариялык коркунучтагы эски имаратта билим алышкан. Жаан жаган күндөрү же кышкы суукта алыска жөө каттоо олуттуу көйгөй болуп келген. Эми минтип айыл элинин көйгөйү чечилип, Кувейт, Оман Салтанаты жана Сауд Араб падышачылыгынын жаштарынан куралган демөөрчү   жаштар  “Эки динар төлөп, эки дүйнөлүк бакыт тап” аттуу долбоордун негизинде төрт мектепти курууга акча чогултуп, мектеп салууга киришти. Мектептер бир кабаттан болуп баардык шарттары, эмеректери менен камсыздалмакчы.