Жалал-Абад шаарында айт намазы 21-август күнү “Эркиндик” аянтында окулат

Жалал-Абад шаарында 2018-жылдагы курман айт намазы 21-август күнү “Эркиндик” аянтында окулуп, таңкы саат 06:30 башталмакчы. Бул туурасында Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев билдирди. Облус казысынын орун басарынын айтымында бүгүн, 16-августта Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Абдыкарович менен курман айт намазы өткөрүү боюнча жолугушуу болуп, шаар мэри улуу майрамды “Эркиндик” аянтында белгилеп, бул күнү жарандарга майрамдык маанай тартулоо керектигин билдирген.

Айт намаздын программасы:

06:30-07:00 Куран окулат;

07:00-07:35 Дин аалымдары  баяндамаларын айтышат;

07:35-07:45 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэринин жана  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын куттуктоосу, ошондой эле, баяндамасы айтылат;

07:45 Айт намаз