Ош шаардык казыяты курман айт майрамын борбордук аянтта өткөрөт

Бүгүн, 17-августта Ош шаардык казыятына караштуу «Имам-Аль Бухарий Алай» мечитинде шаардагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, анда  шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев имамдарга курман айт намазын окуу боюнча буйрукту тааныштыруу менен айт намаздын борбордук аянтта окулуусу боюнча маалымат берди.

Муну менен катар жыйында азанды өз убагында айтуу, жума хутбасын Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  тарабынан бекитилген тартипте окуу маселелери каралып, шаар казынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев жана Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш  имам хатиби Мирлан Токтомушов имамдардын кетирген кемчилдиктерине бир катар эскертүүлөрдү  беришти.