Муфтият Ош облусунун Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, андан 2 адам каза болду деген маалыматты төгүндөп, ал жерде мечит күйбөгөндүгүн маалымдайт

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бүгүн, 23-августта Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, андан 2 адам каза болду деген маалыматты төгүндөп, ал жерде эч кандай мечиттин күйбөгөндүгүн жана мечиттен адам өмүрү кыйылбагандыгын маалымдайт.

Керме-Тоо айыл аймагынын баш имам хатиби Райымберди ажы Тиллебаев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына берген маалыматы боюнча  Ош–Араван жолунун 13-чакырымындагы жол боюнда наабайкана, ашкана орун алган. Наабайкана менен ашкана кызматчылары  таң эрте жумушка келишип, газ балонду иштетели дегенде кандайдыр бир себептерден улам газ балон жарылып, 2 адам каза болгон. Ал эми өрт өчүрүү кызматкерлери келип, каза болгон жарандарды чыгаруу менен алек болуп жатканда өрт наабайкана менен ашкананын  башка бөлүктөрүнө уланып, имамратты толугу менен күйгүзгөн. Ошондой эле өрт  наабайкана менен ашкананын жанындагы 2 кабаттуу имаратка жабышат. Өрт уланган 2 кабаттуу имамраттын 2чи кабатында  наабайкана менен ашкананын  ээси тарабынан жолоочулар үчүн ачылган чакан намазкана орун алып, ал учурда намазканада эч ким болгон эмес жана намазкана толугу менен күйгөн эмес.

Эскерте кетсек, бул намазкана каттоодон расмий өткөн эмес жана ага Ош облустук казыяты тарабынан эч кандай имам дайындалган эмес.

Сүрөттө күйбөгөн Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечит