Ош шаарында диний окуу жайлардын мугалимдери үчүн 3 күндүк окуу семинары башталды

Кечээ, 22-январь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  «Исар» фонду менен биргеликте Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында  3 күндүк  окуу  семинарын  баштады.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети  Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштар ажы Маматов, Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Ош облусу жана Ош шарындагы диний окуу жайлардын мугалимдери катышууда.

Диний окуу жайлардын мугалимдери тарабынан уюштурулган семинар алкагында  Азирети Муфтийдин орун басары «Исар» фондуна ыраазычылык билдирип, илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Биздин сунушубузду орундатып, Кувейт элинен келген устаздарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) Али (р.а) айткан бир хадиси бар«Бир адамдын туура жолго түшүп калуусуна себепчи болсоң, бул дүйнөнүн бардык жыргалчылыгынан жакшы».  Алган илимиңиздерге илим кошулуп, пайдалуу кылсын», — Жооробай ажы Шергазыев.

Муну менен катар окуу семинарынын алкагында билим берүүнүн жаңы методу, окуучулар менен иштөө жана санариптешүүнүн пайдалары боюнча маалыматтар берилүүдө.