Түпдө Ханафий мазхабы жана радикалдашуунун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ысык-Көл облусуна караштуу  Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев аталган аймактагы Ичке-Суу айылынын мечитинин жамааты менен  жыйын өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында терроризм жана экстремизм өңдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында жана Ханафий мазхабын кармануунун зарылчылыгы, аны жайылтуу менен бекемдөө тууралуу  түшүндүрүү иштери жүрдү.

Бул тууралуу Бакыт ажы Кайкиев маалымдап, алдыда мындай жыйындар райондун башка айылдарында да байма-бай уюштурулуп тураарын билдирди.

“Ичке-Сууда өткөрүлгөн иш-чараны биз аталган айылдагы мечиттин имамы Талантбек  Асангазиев  менен бирге уюштурдук. Жыйынга мечиттин жамааты менен чогуу жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү да катышты. Буюрса эми  бул иш-чараны биз салтка айландырып, алдыда  башка айылдарда да өткөрүүнү пландап жатабыз”,— деди Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев.