Кечээ, 1-февралда Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында калаадагы бир катар дин кызматкерлер шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул туурасында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов билдирди.
Мындай сыйлык Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 илдетинин алдын алууда, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү үчүн тапшырылган.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын Ардак грамотасына ээ болгон дин кызматкерлери:
- Мукадас ажы Кожониязов
- Базарбаев Абдыкалык
- Кубатали Сайпидинов
- Азимжан Курбанов
- Ниймат Топчиев
- Сүйүн Жапаров
- Мамасыдыков Сайдулла
- Пазылов Мойдун
- Махаммад Абдикулов