Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлери мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды

Кечээ, 1-февралда Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында калаадагы бир катар дин кызматкерлер шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул туурасында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов  билдирди.

Мындай сыйлык Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 илдетинин алдын алууда, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү үчүн тапшырылган.

Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын Ардак грамотасына ээ болгон дин кызматкерлери:

  1. Мукадас ажы Кожониязов
  2. Базарбаев Абдыкалык
  3. Кубатали Сайпидинов
  4. Азимжан Курбанов
  5. Ниймат Топчиев
  6. Сүйүн Жапаров
  7. Мамасыдыков Сайдулла
  8. Пазылов Мойдун
  9. Махаммад Абдикулов