Баткен районунун Рават айылындагы «Баймурат» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Рават айылынын жергиликтүү жашоочуларынын демөөрчүлүгү менен айылдагы «Баймурат»  мечити заманбап үлгүдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

«Баймурат»  мечитинин имамынын айтымында мечиттин ички көрүнүшү жаңыланып, килемдер салынып,  жарык берүүчү чырактар орнотулган.

“Мечиттин ичи жылуу болушу керек. Салынган килемдери да адамдардын көзүнө урунган, сажда кылганда кубанып, көңүлүнө толо тургандай болушу керек. Даарат ала турган даараткана таза, душтар, жылуу суулар, жылыткычтар менен камсыздалышы керек. Мындай шарттарды түзүп берүүгө көмөк көрсөткөн жергиликтүү жашоочуларга ошондой эле Илгиз Рустамов менен  Чыңгыз Рустамовко ыраазылык билдирем”,-деди мечит имамы Жаныбек ажы Эсенбеков