КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Орусиялык саясат таануучу, коомдук ишмер Руслан Курбанов менен жолукту

Бүгүн, 14-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Орусиялык саясат таануучу, коомдук ишмер, Альтаир гуманитардык демилгелерди колдоо фондунун директору, Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери Руслан Курбанов менен жолукту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташуу жаатында пикир алышты.

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Руслан Курбановго өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

“Ислам, тынчтыктын, биримдиктин жана ынтымактын дини. Биз, чет жерде эмгектенип, билим алып жүргөн жарандарыбызга динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирип, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Жарандарыбыз терс диний агымдардын тузагына түшүп калбоосу керек”,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Муну менен катар тараптар улуттар арасындагы ынтымак, достук алакаларды бекемдөө жаатында сүйлөшүштү.