Үшүр-2021: Тартиптери жана өлчөмү

Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллаанын салават саламдары болсун) өзүнүн хадистеринде жерден алынган түшүмдөрдөн үшүр чыгарууну буюруган.
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы үшүр берүү тартибин талкуулап, төмөндөгүдөй бекитти:
1. Үшүр (же анын жарымы), жерден өндүрүлгөн дандан, мөмө жана жер жемиштерден, маданий жана атайын максатта өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн берилет.
2. Жогорудагы аталгандардын өлчөмү белгиленген эмес. Аздыр-көптүр алынган түшүмдөн берилет.Ошондой эле аталгандардын узак мөөнөткө сактоого жарактулуугу да эске алынбайт.
3. Үшүр маселесинде убакыт чектелбейт. Түшүм канча ирет алынгандыгына жараша берилет.
4. Түшүм берчү жер кайрак болсо, же сугарма болуп дарыя, каналдан табигый агып келген суу менен сугарылган учурда, түшүмдүн ондон бири (10/1) берилет. Ал эми кол эмгеги менен чакалап ташылып, же атайын жабдыктардын көмөгү менен суу тартылып келинген убакта, же суу сатылып алынган учурда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) берилет.
5. Жерден алынган түшүмдүн жалпы көлөмүн жерге кеткен чыгымдар чыгарылбастан туруп үшүр (же анын жарымы) берилет.
6. Балдан  үшүр ондон бири (10/1) берилет.