Аза күнүнө карата өлкө аймагындагы мечиттерде маркумдарга багышталып Куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн дуба кылынат

Кыргызстанда 2021-жылдын 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү күнүнө карата Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин буйругу чыкты.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар, аскер кызматкерлери арасында көптөгөн жарандарыбыз каза болуп, жарат алышкандары бар.

Бул каргашалуу окуяга карата Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин буйругуна ылайык, өлкөнүн бардык аймагындагы мечиттерде, диний окуу жайларда таравих, 5 маал намаз убактыларында маркумдардын арбагына багышталып Куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, өлкөбүздүн бакубат жашоосу үчүн дуба кылынмакчы.