![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/05/121b98c9-b4d6-430d-b49d-8d1a3af94375.jpg)
Баткен облусунун Лейлек районунун «Абдулло ибн Аббас»- Ислам институтунун ректору Кубатбек Абдыгапаров чек арадагы окуядан жабыркаган Максат айылындагы үйү өрттөнгөн тургундарга, Мадина кызынан ажыраган А. Абдуллаковго , Улукбүбү Ахмедовага мындан башка жакындарынан айрылган айыл тургундарынын үйүнө барып көңүл айтып, материалдык жардам көрсөттү.
Жалпы Максат айылындагы 24 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.
«Башыбызга келген бул кайгы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, жүрөгүбүздү оорутту. Кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду. Мындан ары баарыбыз бекем ынтымакта, дуба менен алдыга умтулуп жашайлы»,-деди Кубатбек Абдыгапаров.