Ош облустук мусулмандар казыяты Баткен элине азык-түлүк, кийим-кече, идиш аяк жана ошондой эле акчалай жардам көрсөттү


Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин ажы Атабаев баш болгон казыят кызматкерлери чек-ара чырында жабыр тарткан Баткен элине азык-түлүк, кийим-кече, идиш аяк жана көрпө төшөк ошондой эле акчалай жардам көрсөтүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Самидин ажы Атабаев Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов менен жолугушуп, аймактагы абал тууралуу маалымат алды.

Андан аары жардамды өз ээлерине жеткирүү максатында Баткен казыятынын кызматкерлеринин коштоосунда чек-ара аймактагы жашоочуларга барып, аларга маролдык колдоо көрсөтүү менен материалдык жардамды тапшырды.

«Элибизден айланса болот. Казыяттын демилгесин колдоого алып, колдорунан келишинче жардамдарын беришти. Жардам берүүнү дагы улантабыз»,-деди облус казысы Самидин ажы Атабаев.