Жоробай ажы Шергазыев: Коомубузга адептүү, мекен үчүн күйгөн, билимдүү, илимдүү, акыл эстүү муунду тарбиялап чыгалы

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Жараткан Алла Таалам ыйык Рамазан айында туткан орозобузду, жакшы тилектерибизди, соопчулук иштерибизди кабыл кылсын. Билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечирсин.

Пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандап сооп алат»,- деп айтылган.

Кадырман мекендештер! Рамазан айында жасаган сооп иштериңиздерди Жараткан Алла Таалам эселеп кайтарсын. Элибиз буга чейин пандемияда, жакында болуп өткөн чек арадагы Баткен окуясында бир муштумдай биригип жабыр тарткан бир туугандарыбызга жардам колун сунуп, кайрымдуулуктун эң мыкты үлгүсүн көрсөттү.

Ушул калыбыбыздан жазбай элибизге, мамлекетибизге, динибизге кызмат кылып, кыргыз элине мүнөздүү мыкты сапаттарыбызды көрсөтүп, дүйнө эли бизге суктанган, үлгү алган деңгээлге жетели. Ага биздин ыйманыбыз, маданиятыбыз, эркибиз жол берет. Элибиздин биримдигин дагы да арттырууда ыйманыбызды, ынтымагыбызды бекемдейли, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегине ар бирибиз салым кошолу. Коомубузга адептүү, мекен үчүн күйгөн, билимдүү, илимдүү, акыл эстүү муунду тарбиялап чыгалы.

Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздө коронавирус илдети жайылып жаткандан улам жарандарыбыздын саламаттыгын, коопсуздугун эске алуу менен айт намазын мечиттерде санитардык талаптарды так сактоо менен окудук. Ар бир адамдын жаны аманат дегендей мындай көрүнүштү мекендештерибиз туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдомун.

Рамазан айында ар бир үй-бүлөгө ырыскы, бакубат жашоо, мекенибизде тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук, токчулук болсун.

Сиздерди урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев.