![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/05/75187a95-6659-49cf-b687-53d6cdc88c6d.jpg)
Ысык-Көл облустук казыятында Каракол шаарындагы жардамга муктаж үй-бүлөгө Рамазан айына утурлай орозо баштыкчасы таратылды.
Соопчулук иш-чарасы Каракол шаарынын тургуну, жеке ишкердин демөөрчүлүгү тарабынан ишке ашкан.
Иш-чарада көп балалуу, жетим, жесир, муктаж үй-бүлөгө 100 000 сом бөлүнүп, 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк таратылды. Жардам баштыгында 10кг ун, күрүч, өсүмдүк майы, макарон, кесме, чай, туз, кумшекер жана шириндиктер берилди.
Буга чейин Рамазан айында 40 үй-бүлөгө тамак-аш таратылса, бүгүн 50 үй-бүлөгө таратылды.