Ош шаарындагы жума окулуучу мечиттерде Айт намазы эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү

Бүгүн, 13-май күнү Ош шаарындагы жалпы жума окулуучу мечиттерде Айт намазы санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Элдин көпчүлүк бөлүгү “Сулайман-Тоо” мечитине келип, Айт намазын окуду.

Мечиттин айланасы кенен болгондуктан, келген элдин көпчүлүгү сыртта, таза абада намаз окушту. Ал эми мечиттин ичиндеги жамаат, аралыкты сакташты. 

Айт намазга келген элге Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баяндама жасашып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.