Кызыл Октябрь айылында жардамга муктаждарга азык – түлүк таратылып берилди


Талас облусунун Бакай – Ата районунда жайгашкан Кызыл – Октябрь айылында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Районунун баш имам хатиби Марат Джусупбековдун демилгеси менен биргеликте жаштар 160 миң сом акчалай  чогултуп, 60 миң сомго азык-түлүктөр сатылып алынып, калганы акчалай жардамга муктаж 20 түтүнгө 5000 сомдон таратылып берилди.

“Ыйык рамазан айында жаштар менен биргеликте кайрымдуулук иш-чараларды айылыбыздын муктаж үй-бүлөлөргө таратып бердик. Өзгөчө жаштарыбыз колдон келген жардамдары үчүн терең ыраазычылык билдирмекчимин. Аллах Таала үй-бүлөрүнө тынчтык, иштерине береке берсин”, — деди районунун баш имам хатиби.