Ош облустук казыятында райондун башкы имам хатибдерине жыйын болуп, анда бир канча маселелер каралды

Бүгүн, 20-май күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында райондордун башкы имам хатибдерине жыйын болуп, анда диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу, имамдардын илим деңгээлин жогорулатуу, диний идараларда көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде болуусу, жума баяндарды өз убагында баштоо жана темадан алыстабай көрсөтүлгөн убакта жыйынтыктоо, нике журналы менен тыгыз иш алып баруу жана эсептик каттоолорду кынтыксыз аткаруу маселелери каралды.

Иш-чарага Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, казыяттын эмгек жамааты, облус аймагына караштуу бардык райондун башкы имам хатибдери, ДИМК ТАБдын кызматкери Фурхатбек Адилбек уулу жана ИИМдин кызматкери катышты.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев учурдагы ар кандай фитна чыгарып жаткан диний топтордун азгыруусунан оолак болуу, жума баяндарын өз убактысында окуу, улуттук баалуулуктарга басым жасоо жана имамдардын илим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу курстарын уюштуруу зарыл экенин баса белгилеп, бул жаатта райондун башкы имам хатибдерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

«Менмин деген аалымдар дагы жума баянын өтүү үчүн эки же андан көп күн даярданып эл алдына чыгышат. Биздин имамдар дагы ислам динин баалуулуктарын туура жана так жеткирүү үчүн атайын даярдыктарды көрүүсү зарыл. Күндө эле бир темадан чыкпай баян кыла берсе жамаатты тажатат. Жума баяны имамдар үчүн жумасына бир жолу гана берилүүчү чоң мүмкүнчүлүк болгондуктан, жакшы даярдык менен калктын диний сабаттуулугун көтөрүп калуу кажет. Буюрса биздин эл имамдардын жума баяндарын сагынып, жума күндү күтүп, уга турган даражага жетүүгө аркеттерди күрүүдөбүз. Жума баяны Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн убакта башталып, бирдиктүү бектилген убакта бүтүүсү зарыл. Тартипти сактоо башкы орунда турат. », — деди Нурбек кары Орунбаев.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков мамлекеттин Дин чөйрөсүндөгү саясаты, диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу, дин багытындагы укуктук мыйзам актылары боюнча маалыматтарды берди.