Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү  Сүйүмбек ажы Жусубалиев менен жолугушуп, өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Муну менен катар Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу «Өмүрдүн баалуулугу» аттуу мавлид кечесине даярдыктар боюнча маалымат алып, бул саамалыкты жогорку деңгээлде өткөрүү керектигин билдирди.

«Чындыгында КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү катары Дин Башкармалыктар ортосунда алаканы бекемдөө менен бирге, окуп, иштеп жаткан мекендештерге туура диний баалуулукту жеткирүү маанилүү. Себеби, жарандарыбыз ар кандай терс диний агымдарга кирип кетпөөсү керек. Муну менен катар мекендештерибизге үй-бүлө, тарбия, адеп-ахлак, соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруу керек»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү кайрымдуу жарандардын колдоосу жана демөөрчүлүгү менен бир топ иштер алдыга жылып, жарандар үчүн атайын окуу курстары, түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады.