Бишкек казыяты Баткен жана Лейлекке 1,5 миллион сомдук жардам жеткирди

Кечээ, 23-майда Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын жамааты, шаардагы мечиттерден топтолгон жардамдарды Баткен облусундагы чек ара  чырынан жабыр тарткандарга жеткирип берди. Мында 70 даана электр-газ меш жана 20 муздаткыч Лейлек жана Баткен райондоруна жеткирилди. Алардын жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түздү. 

Бул соопчулук ишти Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев өз көзөмөлүнө алып, ар бир топтолгон жардамды жеринде ээлерине жеткирип, жергиликтүү тургундарга кайрылуу жолдоду. 

«Урматтуу мекендештер. Сиздер жалгыз эмессиздер. Артыңыздарда бүтүндөй кыргыз эли турат. Баарыбыз кан жутуп, болгон окуяларга жүрөгүбүздөн сыздап турабыз. Бул окуяда бүтүндөй  Кыргызстан эли бир муштумга биригип, ынтымагыбызды көрсөттүк. Ошол күндөрү сапар менен Нарында элем. Тээ алыс айылдарда да чын жүрөктөн жардам берели деп бирөөсү козусун, дагы бирөөсү эчки улагын берип берип жатышты. Сиздерге Аллах Таалам чек араны коргоп бергениңиздер үчүн албетте мекенге болгон кызматыңыздар үчүн чоң сыйлыктарын берет буюрса. Аман болунуздар» -деди Замир кары Ракиев. 

Белгилей кетсек, бул жардам Бишкек казыятынын атынан келген үчүнчү жардам болуп эсептелет.