Мунарбек ажы Акматов: Чек араны коргоо чоң жоопкерчиликти талап кылат

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Эрдем» мечитинин имам хатиби Мунарбек ажы Акматов Ош шаарындагы №36306 аскердик бөлүктүн жыйындар залында жоокерлер үчүн уюштурулган семинарда «Мекенди сүйүү- ыймандан» деген темада өз баяндамасын жасады.

«Аскердик кызматты толук так аткаруу эркектин милдети болуп саналат. Кызматтан качуу же кайдыгер мамиле жасоого болбойт. Кызматтын жоопкерчиликтүүлүгү бул элдин аманчылыгында. Ошондуктан, чек араны коргоо чоң жоопкерчиликти талап кылат»,- деди Мунарбек ажы Акматов.

Ушундай эле баяндамалар башка аскер бөлүктөрдө дагы уланмакчы.